“12 000 000 сом акчасын алып кеткен”. Ошто алдамчылыкка шектелип 2 жаран кармалды

Кара-Суу районунда алдамчылыкка шектелип 2 жаран кармалды, – деп билдирет Булак.кж редакциясына Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы.


2022-жылдын 22-ноябрь күнү Ош ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында алдамчылык фактысы менен Кара-Суу районунун тургуну 32 жаштагы Т.Т., жана Ноокат районунун тургуну 36 жаштагы З.Х., аттуу жарандар кармалышкан. Шектүүлөр Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Аталган факты Ош ОИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 209-берененин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.


Кармалган жарандар төмөндөгү факты боюнча шектүү катары өтүп жатат:
2022-жылдын 10-ноябрь күнү Кара-Суу районун тургуну 43 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Анда 2020-жылдын 5-июнунан 2022-жылдын 3-октябрга чейинки аралыкта ага тааныш болгон 1990-жылы туулган Т.Т., аттуу жаран анын ишеничине кирип Казакстан Республикасынан ар кандай товарларды алып келип беремин деп, 12 000 000 ( он эки миллион) сом акчасын алып ушул күнгө чейин бербей жүргөнүн билдирген. Учурда шектүүлөр мындан башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө, тергөө амалдары уланууда.

WhatsApp Image 2022 11 25 at 13.18.16 "12 000 000 сом акчасын алып кеткен". Ошто алдамчылыкка шектелип 2 жаран кармалды