Кара-Сууда Чубак ажы Жалилов атындагы мечит ачылды

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Сарай айыл өкмөтүндө заманбап мечиттин ачылышы болду. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Белгилүү аалым, маркум Чубак ажы Жалиловдун аты ыйгарылган мечиттин ачылыша Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров, Өзгөн районундагы “Имам Бухари” ислам институтунун ректору Абдирахман кары Атабаев, демөөрчүлөр, имамдар жана айыл тургундары катышты.

Мечитке демөөрчүлүк кылган “Эмират” эл аралык кайрымдуулук коомунун Кыргызстандагы филиалынын мүдүрү Али Айоуб жана Хусейн Абдурахманханга, аны менен бирге курулуш иштеринде талыкпай кызмат кылган имам баштаган бир нече инсанга Кара-Суу райондук хатибяты тарабынан ыраазычылык баракчалары тапшырылды.