Алтын казган компаниянын өкүлдөрү кармалды

Жалал-Абад облусунда алтын казган компаниянын мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиргени аныкталды.

УКМКнын маалыматына караганда, Жалал-Абад облустук УКМКнын башкы баркармалыгы тарабынан, Жалал-Абад облусунун экология жана техникалык көзөмөлү жана алтын казуучу компаниянын өкүлдөрү, Жаратылыш ресурстар министрлигинин облустук башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.

Такталгандай, Тогуз-Торо районунда алтын казуу менен алектенген тоо-кен ишканасы уруксаттардын жана тиешелүү экологиялык паспорттун жоктугуна карабастан, экологиялык зыян үчүн тарифти жеңилдетилген ставка боюнча төлөп берип жүргөн, анын натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталды.

Ушул жылдын 18-ноябрында издөө иштери жүргүзүлүп, белгиленген тарифте карама-каршылыктар аныкталган. Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган 20 миллион сом өлчөмүндөгү зыяндын бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

1024x576x15428673 3462 437f 8d9a 801891bb272f.jpg.pagespeed.ic.wnfNgVrlEG Алтын казган компаниянын өкүлдөрү кармалды
1024x576x4721dda9 f4e3 4f7f 9b90 0577610f2c7e.jpg.pagespeed.ic.J7od99tXHT Алтын казган компаниянын өкүлдөрү кармалды