
Бишкек мэриясынын маалымат кызматы ордо калаада тыюу салынган заттарды жаккан мончо, сауна жана турак үйлөр текшерилип жатканын билдирди.
Муниципалитет текшерүү иштерин Мамлекеттик экотехинспекциянын инспекторлору менен бирге жүргүзүүдө. Тыюу салынган заттар: тигүү цехтеринен чыккан калдыктар, желим бөтөлкө, дөңгөлөк жана эски бут кийимдер.
“Текшерүү учурунда Заводской поселок көчөсүндө тигүү цехинен чыккан калдыктарды жаккан эки факт аныкталган. Үй ээлерине Бузуулар кодексинин 115-беренесине ылайык, 7 500 сом айып салынды”, — деп айтылат кабарда.
Мэрия тыюу салынган заттарды жагуу экологияга зыян алып келерин белгилеп, аларды жаккандар айыпка жыгыларын эскертти.