Кемчиликтерден сабак алып, аны кайталабаганга аракет кылалы, – Шеримкулов

Мындай пикирин легендарлуу парламенттин депутаты Медеткан Шеримкулов бүгүн, 25-ноябрда Бишкектеги Улуттук филармонияда өтүп жаткан Элдик курултайда билдирди.

“30 жылдын ичинде мамлекетибиздин башка өлкөлөргө салыштырмалуу өсүш деңгээли начар болуп баратат деп кайталай бергенден пайда чыкпайт. Себеби анын баары чындык. Башыбыздан өткөндөрдүн жакшыларын сактап калалы, кемчиликтери, туура эместеринен сабак алалы жана аны кайталабаганга аракет кылалы. Мамлекет кургандан берки ушул убакка чейин биздин кыйналышыбыз, кыйчалышыбыз элдин күнөөсү эмес, жетекчилердин күнөөсү. Биздин президенттерибиздин, өкмөттөрүбүздүн күнөөсү. Кыргыз элинен айлансак болот. Мамлекетти түзгөн ушул эл. Мамалекетти кармап турган силерсиңер, кыргыз элим. Мамлекеттин келечеги боло турган жаштарды тарбиялап, өнүккөн, өскөн өлкөнү ошолорго өткөрүп берүү милдет, деп президенттин айткан сөзүн колдойм. 

Бүгүнкү күндө ар бир райондо, ар бир айылды, ар бир көчөдө чечилбеген маселе бар. Бирок, баарыбыздын көкүрөктөгү көйгөйүбүз бул – Баткен. Баткенге атылган ок бул – Кыргызстанга атылган ок. Баткенде жарадар болгону, кыргыздын жарадар болгону, Баткендин чегин бузганы Кыргызстандын чегин бузганы. Бүт кыргызстандыктар баткендиктер менен сыймыктанабыз. Силердин чек арада туруп бергениңер бул – кыргыздын туруп бергени.

Жыл аягына чейин Баткен калыбына келсин деген президенттин убадасын өкмөт аткарсын”, – деди Шеримкулов.