Балыкчыда мектеп окуучулары зордук-зомбулукка каршы жөө жүрүшкө чыгышты

Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-ноябрдан 10-декабрга чейин облустун аймагында балдарга карата зомбулукту болтурбоого багытталган «Зомбулуксуз дүйнө» акциясы өтөт.

Бул акциянын алкагында Балыкчы ШИИБдин балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору билим берүү өкүлдөрү менен биргеликте шаардын орто билим берүү мектептеринин жогорку класстарынын окуучуларынын жөө жүрүшүн өткөрүштү.

150дөн ашуун мектеп окуучулары зомбулукка каршы күрөштү символдоштурган ар кандай плакаттарды жана шарларды кармап, шаардын борбордук көчөлөрүн аралап өтүштү. Муну менен алар жаш муундун тагдырына кайдыгер болбоого коомчулуктун көңүлүн бурушту.

Жөө жүрүш борбор аянтта аяктап, ал жерде мектеп окуучулары зомбулуктун көйгөйлөрүн чагылдырган сахналыштырылган көргөзмөнү көрсөтүштү.

«Аянтта милиция кызматкерлери мектеп окуучулары арасында жаш өспүрүмдөр арасындагы зомбулуктун орун алышы, келечекте кандай зыяны болор тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, профилактикалык мүнөздөгү брошюраларды таратышты. Ошондой эле окуучулар өспүрүмдөр арасында зомбулукка каршы туруу боюнча теңтуштарын андан ары маалымдоо үчүн балдарга жардам берүү борборунун иши менен тааныша алышты», — деп айтылат маалыматта.