Тергөө абагына ич кийимине баңгизат катып келген аял кармалды

Чүй облусунун Беловодское айылында жайгашкан №16 түзөтүү мекемесине тыюу салынган буюмдарды мыйзамсыз киргизүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынын Чүй облусу боюнча кызматкерлери соттолгон Д.А.О.га анын досу тарабынан  тыюу салынган буюмдарды мыйзамсыз киргизүү аракетине бөгөт коюшту.

Сырттан кароо жүргүзүлгөндө С.Ю.Ю аттуу аялдын ич кийимине кылдаттык менен катылган шектүү зат табылып алынган. Контролдук таразага тартуу учурунда кармалган заттын жалпы салмагы 2.64 мл граммды түзгөн.

“Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгы ал баңгизат деп табылды. Ал A-PVP же Альфа-ПВП синтетикалык психостимулятордун жаңы түрү.  Белгилей кетчү нерсе бул зат (көбүнчө майда кристаллдар же туздар түрүндө) башка синтетикалык катиноналарга окшош, бирок анын таасири алда канча күчтүү, демек керектөөчү үчүн дагы өтө кооптуу”, — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, жогоруда аталган кылмыштын дагы бир шериги кармалды. Бул факты бузуулардын бирдиктүү реестрине катталып, чогултулган материалдардын негизинде иликтөө иштери жүрүп жатат.

whatsapp image 2022 11 24 at 12 41 48 1 Тергөө абагына ич кийимине баңгизат катып келген аял кармалды
MyCollages 16 Тергөө абагына ич кийимине баңгизат катып келген аял кармалды