АКШ Болот Темировдун депортацияланышы боюнча комментарий берди

АКШ элчилиги журналист Болот Темировдун иши боюнча соттун чечимине комментарий берди. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктүн Twitter баракчасында жарыяланды.

“Журналист Болот Темировду депортациялоо боюнча Бишкек шаардык сотунун чечими демократиялык принциптерге каршы келет. Журналисттер жазадан коркпой иштеш керек. Сөз эркиндиги Кыргызстандын Конституциясы менен корголот – бул укуктар сакталышы керек”, – деп билдирди АКШ элчилиги.

Кечээ, 23-ноябрда Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы судья Адис Момуналиевдин төрагалыгы алдында журналист-иликтөөчү Болот Темировго карата өкүм чыгарып, аны Кыргызстандан чыгаруу чечимин чыгарды. Өкүм жарыяланган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирген. Сот өлкөдөн чыгаруу боюнча жоопкерчиликти Кыргызстандын Ички иштер министрлиги менен чек ара кызматына жүктөдү.