Жапаров ЖККУ сессиясында сөз сүйлөдү

“Саясий, экономикалык, маалыматтык, аскердик методдор менен каражаттардын кеңири спектри колдонулуп жаткан глобалдык коопсуздук системасындагы татаал жана жалпы өзгөрүүлөрдүн мезгилинде өзгөрүлүп жаткан кырдаалга өз убагында жооп кайтарууну камсыз кылуу үчүн кызматташтыкты ырааттуу активдештирүү зарыл”, — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-ноябрда, Ереван шаарында (Армения Республикасы) Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясында сүйлөгөн сөзүндө.

Мамлекет башчысы экстремизм идеялары жигердүү колдонулуп жатканына, трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун активдешип жатканына, бул Уюмдун бардык мүчөлөрүнүн коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч келтирген кризистин жаңы эпицентрлерин түзүп жатканына басым жасады.

Президент белгилегендей, Кыргызстан аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту сактоо үчүн көп функциялуу аймактык түзүм катары Уюмдун потенциалын чыңдоого кызыкдар.

Садыр Жапаров маанилүү шарттарынын бири — саясий бөлүгүн-курамын жакшыртуу жана Уюмдун эл аралык имиджин бекемдөө, деп эсептейт.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасы ар дайым ар кандай пикир келишпестиктерди саясий жана дипломатиялык ыкмалар менен гана сүйлөшүү үстөлүндө чечүү зарыл деген позицияны ар дайым жактап келгенин жана жактаарын баса белгиледи.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын көңүлүн Афган факторун эске алуу менен ички чек араларда коопсуздукту камсыздоо боюнча күч-аракеттерди бириктирүү зарылдыгына бурду. Терроризм ЖККУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирүүдө.

Ал Уюмдун жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүн жана каражаттарын башкаруу органдарын жана түзүмдөрүн биргелешип даярдоо антитеррордук темаларга багытталышы керектигин белгиледи. Ошону менен бирге Президент үстүбүздөгү жылы Кыргызстандын аймагында ЖККУга мүчө мамлекеттердин атайын күчтөрүнүн бөлүкчөлөрүнүн катышуусунда «Кобальт-2022» машыгуусу ийгиликтүү өткөнүн канааттануу менен белгиледи.

Садыр Жапаров кыргыз тарап жамааттык коопсуздук системасын чыңдоо үчүн биргелешкен ыкчам жана күжүрмөн даярдыкты жакшыртууга, ошондой эле сырттан келген терс таасирлердин аракеттерине өз убагында жана натыйжалуу жооп берүүгө мындан ары да көмөктөшкөнгө даяр экенин билдирди.

Мамлекет башчысы быйыл аскердик-саясий биримдикке 30 жыл толгонун баса белгиледи. Кырдаалга жараша биргелешип чечүүнү талап кылган кечиктирилгис маселелер күн тартибине коюлууда. Ушуга байланыштуу ал туура тыянак чыгарылып, Уюмдун ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча биргелешип күч-аракетти сактап калууга гана эмес, көбөйтүүгө да болот деген ишенимин билдирди.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан аймактык коопсуздуктун эффективдүү механизми катары Уюмдун потенциалын чыңдоого кызыкдар экенин жана жамааттык коопсуздук системасын өркүндөтүү боюнча мындан аркы биргелешкен аракеттерге даяр экенин ырастады.