Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы кармалды

УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара алуу) боюнча козголгон сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында 2022-жылдын 22-ноябрында Аламүдүн районунун Арашан айылынын башчысы Б.А.Б. кармалган.

УКМК тараткан маалыматта айтылгандай, буга чейин “Т.С.Н.” фирмасынын директору 60 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси Б.А.Б.га карата чара көрүү тууралуу жазуу жүзүндөгү арызы менен кайрылган.

2022-жылы “Т.С.Н.” фирмасы 120 000 сомдук тендерди утуп алган, бирок иш аяктагандан кийин Б.А.Б. “Т.С.Н.” компаниясына каражаттарды которууну кечеңдетүү максатында жасалма кыйынчылыктарды түзө баштаганы аныкталган. Ошол эле учурда бул кырдаалды чечүү жолу катары тендердик сумманын жарымын түзгөн 60 000 сом акча каражатын талап кылган.

Ошентип, 2022-жылдын 22-ноябрында 60 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Аламүдүн районунун Арашан айылынын башчысы Б.А.Б. кармалды.

Кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

b8b06dd6 bf32 480d 9b89 a0e4f33d8143 Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы кармалды