Болот Темировду жакындары менен адвокаты таппай жатышат

Журналист Болот Темировду жакын туугандары таппай жатканы тууралуу Bulak.kg сайтына адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Бул маалыматты журналисттин жубайы да тастыктады.

Эске салсак, бүгүн Бишкек шаардык соту Болот Темировду Кыргызстандан чыгарып салуу чечимин кабыл алган. Аны сот залынан бир нече адам күч менен кармап чыгып, автоунаага салып белгисиз тарапка алып кетишкен.

Буга чейин адвокаты аны аэропортко алып барып, Орусияга депортация кыла турганын айткан.