Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын иши сотто каралууда

Бүгүн, 23-ноябрда Биринчи май райондук сотунда укук коргоочу Азиза Абдирасулованын иши боюнча соттук отурум уланды.

Эске салсак, Азиза Абдирасуловага Кылмыш-жаза кодексинин «Ички иштер органынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө» беренеси боюнча айып коюлуп, сот отуруму бүгүнкүгө белгиленген.

15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоорун карап жаткан учурда бир катар активисттер парламенттин алдында нааразылык акциясына чыгышкан. Эки адамды: укук коргоочу Азиза Абдирасулова менен Сапар Аргымбаевди милиция кармап кетип, бир нече сааттан кийин кое берген.