ЖККУнун баш катчысы кыргыз-тажик чек арасы боюнча билдирүү жасады

ЖККУнун баш катчысы Станислав Зась Ереванда өтүп жаткан саммитте сүйлөп жатып, эгер эки мамлекет туура көрсө, уюм кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салууга жардам бере аларын белгиледи. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

“Борбордук Азия регионунда кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салууга өзгөчө көңүл бөлөбүз. ЖККУнун эки өлкөгө жардам көрсөтүүгө ресурсу да, тажрыйбасы да жетиштүү”, — деди Зась.

Анын айтымында, уюм мындай кадамга Тажикстан менен Кыргызстан зарыл деп эсептесе гана барарын белгиледи.

Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында такталбаган аймактардан улам байма-бай чыр чыгып келет. Акыркы ирет үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрында тажик тарап кол салып, натыйжада Кыргызстан 50гө чукул кишисинен айрылды.