Депутат чет элдик инвесторлорго “алтын паспортторду” берүүнү сунуштады

Бүгүн парламенттин жыйынында депутат Тазабек Икрамов чет элдик инвесторлорго “алтын паспорт” деп аталган паспортторду берүүнү сунуштады.

Анын айтымында, мындай паспорттор ири завод-фабрикаларды кургандарга берилиши керек.

«Эгерде бул адамдар ири завод-фабрикаларды ачып, жергиликтүү тургундарды иш менен камсыз кылып, миллиондогон акчаларды бизнеске жумшаса, паспорт алууга мүмкүнчүлүгүн берүү керек», – дейт Тазабек Икрамов.

Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров учурда ушундай эле мыйзам долбоору иштелип жатканын айтты.

«Алтын паспорт» деген түшүнүк бар. Эгерде адам болжол менен 10 миллион инвестиция салса, ага жеңилдетилген система аркылуу жарандык алуу мүмкүнчүлүгү берилет. Ушундай эле мыйзам долбоору азыр иштелип жатат», – деди Айдарбек Мамбеткадыров.