Европа биримдиги Темировдун өлкөдөн чыгарылышына тынчсыздануусун билдирди

Европа биримдиги иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышы боюнча тынчсыздануусун билдирди.

«Бишкек шаардык сотунун белгилүү журналист Болот Темировду чыгаруу чечимине жана анын катаал жана тез камакка алынышына терең тынчсызданып жатабыз. Бул аракеттер Кыргызстандын көз карандысыз маалымат каражаттарына, сөз эркиндигине жана иликтөөчү-журналисттердин жеке коопсуздугунун кепилдиктерине карата алган эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келет. Биз Кыргызстандын бийлигин бул фундаменталдык эл аралык принциптерди толук сактоого чакырабыз»,-деп жазылат маалыматта.

Бишкек шаардык сотунда 23-ноябрда Темировду өлкөдөн чыгаруу чечими чыкты. Аны дароо сот залынан кармап, алып кетишти. Учурда журналисттин кайда экени белгисиз.

Эске салсак, 27-октябрда прокуратура Болот Темирого карата чыккан райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апеляциялык арыз менен кайрылган.

Ага чейин Бишкектин Свердлов райондук соту журналистке карата ачылган иштерде кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу аны актаган. Ал эми «документ жасалмалоо» деген беренеси боюнча айыптуу деп табылып, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жаза чара чегерилген эмес.