Чолпон Сыдыкова: Болот Темировду Москвада жакындары тосуп алышты

Болот Темировдун 23-ноябрдагы сотунда Кылмыш-жаза кодексинин 70-беренесине таянып, эл аралык жана Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык өлкөдөн чыгарылган.

Бишкек шаардык сотунда Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечими чыкты. Аны дароо сот залынан кармап, алып кетишти. Учурда журналисттин ахыбалы жакшы. Бул тууралуу журналист Чолпон Сыдыкова Элдияр Арыкбаевдин жазганы боюнча өз баракчасында маалымат менен бөлүштү.

“Азыр эле Болот менен баарлаштым. Аны Москва шаарынан апасы жана туугандары тосуп алышыптыр. Учурда ал жакындары менен. Баары жакшы” деген ал.

316544365 1532858563827380 4564549431529130707 n Чолпон Сыдыкова: Болот Темировду Москвада жакындары тосуп алышты

Эске салсак, 27-октябрда прокуратура Болот Темирого карата чыккан райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апеляциялык арыз менен кайрылган.

Ага чейин Бишкектин Свердлов райондук соту журналистке карата ачылган иштерде кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу аны актаган. Ал эми «документ жасалмалоо» деген беренеси боюнча айыптуу деп табылып, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жаза чара чегерилген эмес.

Буга чейин Болот Темировду укук коргоо органдары кайсыл тарапка күч менен алып кеткени белгисиз бойдон калган.