Болот Темировдун жубайы: Temirov-Live каналы өз ишин улантат

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Темированын айтымында, Болотту Москвадан алгач “ФСБ” кызматкерлери тосуп алышкан. Бул тууралуу ал Вulak.kg редакциясына билдирди.

“Күч органдарынын кызматкерлери Болот Темировдон ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө ким каржылап жаткандыгы тууралуу суроо беришкен. Буга Болот Темиров тайманбастан, чет өлкөлүк уюмдар тарабынан каржыланып жаткандыгын айткан. Ал Орусиянын жараны болгондуктан, аны дароо өлкөгө киргизишкен. Ал эми Кыргызстандын эки күч органынын кызматкерлерин узакка чейин кармап турушкан. Азыр анда кол телефон, эч кандай документ жок, бир гана элчилик берген убактылуу документ гана бар.

Темировдун жубайы Махабаттын айтуусу боюнча, Болотту кайра Кыргызстанга алып келүү аракеттери уланмакчы, анткени ал Кыргызстандын жараны болот жана Кыргызстанда туулуп-өскөн.

“Ал эми Temirov-Live каналы муну менен өз ишин токтотуп калбайт, Темиров бир аз эс алат. Себеби ал буга чейин эки жыл эс албастан токтоосуз иштеп келген. Андан соң Болот Темиров аралыктан иштейт. Азыр ал туугандары менен бирге.

Темиров учурда кайсы Москва шаарынан башка өлкөгө кетээри белгисиз, анда азыр эч кандай документтер жок, – дейт жубайы Махабат Темирова.

Эске салсак, Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу боюнча Бишкек шаардык сотунун чечимин аткаруу Ички иштер министрлиги менен Чек ара кызматына жүктөлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы маалымдады.

Сот чечиминин түшүндүрмөсүндө Болот Темиров Кылмыш-жаза кодексинин 70-беренесине таянып, эл аралык жана Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык өлкөдөн чыгарылары айтылат.

Бишкек шаардык сотунда 23-ноябрда Темировду өлкөдөн чыгаруу чечими чыкты. Аны дароо сот залынан кармап, алып кетишти. Учурда журналисттин кайда экени белгисиз.

Эске салсак, 27-октябрда прокуратура Болот Темирого карата чыккан райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апеляциялык арыз менен кайрылган.

Ага чейин Бишкектин Свердлов райондук соту журналистке карата ачылган иштерде кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу аны актаган. Ал эми «документ жасалмалоо» деген беренеси боюнча айыптуу деп табылып, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жаза чара чегерилген эмес.