Баткенде бир килограмм апийим менен жаран кармалды

Баткен облусундагы ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында БМЖКККнын Ош шаарынын жана Ош облусунун кызматкерлери тыюу салынган каражаттарды жана заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген 49 жаштагы жаран кармалган.

WhatsApp Image 2022 11 22 at 08.31.50 1 Баткенде бир килограмм апийим менен жаран кармалды


Тактап айтканда, Кадамжай шаарында жайгашкан борбордук мечиттин жанындагы тергөө амалдарынын жүрүшүндө 1973-жылы туулган Э.К. атуу жаран кармалган. Кадамжай районунун Баткен облусунда туулган, мурда Өзбекстан Республикасында «Тыңчылык» беренеси боюнча соттолгон.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, КР ЖПКнын 96-беренесине ылайык шектүүгө карата камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалган.

WhatsApp Image 2022 11 22 at 08.31.50 3 Баткенде бир килограмм апийим менен жаран кармалды
WhatsApp Image 2022 11 22 at 08.31.50 2 Баткенде бир килограмм апийим менен жаран кармалды


Мындан тышкары, шектүү Э.К. жашаган жери боюнча үйдү тинтүү учурунда уктоочу бөлмөдөн «марихуана” баңгизаты табылып, алынган.


Бул кылмышка башка катышуучулардын тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча андан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

whatsapp image 2022 11 22 at 10 29 05 2 Баткенде бир килограмм апийим менен жаран кармалды
YouTube video

ИИМдин Басма сөз кызматы