Бишкекте кыз ала качууга шектелип эки жаран кармалды

Бишкекте кыз ала качууга шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-ноябрда милицияга С.Д. аттуу жаран (аял киши) кайрылып, ошол эле күнү саат 15:00 чамасында Арча-Бешик конушунда С. жана Ж. аттуу чала тааныш жарандар Volkswagen Passat унаасына аны отургузуп, никеге туруу үчүн Токмок шаарына ала качып кеткенин билдирген.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (Никеге туруу максатында ала качуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 20 жаштагы С.С. жана 24 жаштагы К.Ж. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда иликтөө иштери уланууда.