Ошто ала качууга кабылган кыз куткарылды

Ошто 23 жаштагы кыз уурдалып бараткан жеринен куткарылганын облустук милициядан билдиришти.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 31-декабрда Кара-Суу районунун аймагында болгон.

Милиция кызматкерлери жол эрежесин бузуп, машинасын карама-каршы тилкеге чыгып айдап бараткан айдоочуну токтотууга аракет кылышканы менен ал Өзгөн тарапты көздөй катуу ылдамдыкта айдап кетип калган.

«Жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн милиция кызматкерлери машинанын артынан көзөмөл жүргүзүп, аны Кыргыз-Чек айылына жеткенде токтото алышкан. Ичинде 25 жаштагы эки бала жана 23 жаштагы кыз баратканы аныкталган. Кыз милиционерлерди көргөндө аны никеге туруу максатында Ош шаарынан Кара-Кулжа районуна күчтөп уурдап алып баратышканын айтып, жардам сураган»,-деп айтылат маалыматта.

Тийиштүү материалдар чогултулуп, териштирүү жүрүп жатат.