Бишкекте кызды ала качкандар кармалды

Бишкектен кыз ала качты делген жигиттин унаасы токтотулуп, айып аянтчасына киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, 1-май күнү саат 00:03 чамаларында Бишкек шаарынан 25 жаштагы Н.уулу А. «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаасы менен 23 жаштагы К.А. аттуу кызды ала качып кеткен деген маалымат түшкөн.

«Саат 00:20 чамаларында Ысык-Ата райондук милициясынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү унааны токтотуп, Бишкек шаарынын Ленинин райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүп берген»,-деп жазылат маалыматта.

94014feb cce2 4a1d 8893 62626033c619  Бишкекте кызды ала качкандар кармалды

Териштирүү иштери уланууда.