Якутияда кыргызстандык жаранга кол салуу: анын далысын, бутун кесип, кескич менен курсагын тилип салышкан

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы Якутиянын Мирный шаарында кыргызстандык жаранга кол салуу болгондугу тууралуу маалыматты тастыктады.

Элчиликтин маалыматы боюнча, кылмыш иши козголгон.

““Достук” кыргыз диаспора уюмунун өкүлдөрү менен  жергиликтүү  ыйгарым укуктуу мекемелердин, анын ичинде тергөө кызматынын жетекчилери менен жолугушуулар жүргүзүлгөн. Окуя боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш иши Саха Республикасынын баардык тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарынын өзгөчө көзөмөлүндө”, — деп айтылат маалыматта.

“Достук” уюмунун жетекчисинин айтымында, жабырланган мекендеш А.У. Россиянын жараны болуп эсептелет. Учурда анын абалы жакшырууда.

Эске салсак, Мирный шаарында (Якутия) өспүрүмдөр уулуна болушкан кыргызстандык Уланбек Арстановду кескич менен кесип салышкан. Окуя 24-апрелде болгон. Кол салуу учуру видео камерага жазылып калган.

Алгач жаңжал өспүрүмдөрдүн ортосунда башталган. Балдардын бирин топ балдар ур-токмокко алган, экинчиси Аястан аттуу өспүрүм (жабырлануучунун уулу) ага болушкан. Кийинчерээк эки кылмышкер Аястандын изине түшүп, үйдүн жанынан аны сабап башташкан. Муну Аястандын ата-энеси көрүп калып, уулуна кол салуу учурунда Уланбек уктап жаткандыктан ал үстүнө эч нерсе кийбей эле чуркап чыккан.

Уланбек эки өспүрүмдү кууп жеткен. Бирок алар учтуу куралдарды алып чыгышты – бири Уланбектин далысын жана бутун кесип, экинчиси кескич менен курсагын тилип салышкан.  Аястандын айтымында, атасына эч ким жардам берген эмес, жардамга чакырганы менен элдин баары өтүп кеткен. Уланбек оор жаракат менен ооруканага жеткирилген.

Азыр ал өзүнө келди, бирок дагы эле реанимацияда. Кол салгандардын бири кармалган. Ал жергиликтүү медициналык колледждин 17 жаштагы студенти экени такталган. Адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

1827089.114c86fad9385f467a8a8a50c0af65c4 Якутияда кыргызстандык жаранга кол салуу: анын далысын, бутун кесип, кескич менен курсагын тилип салышкан