Москвада кыргызстандык таксист киши колдуу болду

Москвада таксист муунтуп өлтүрүлгөн. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазды.

Маалыматка ылайык, Москва шаарынын Ельнинская көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда такси унаасынын ичинен 1972-жылы туулган айдоочунун сөөгү табылган.

«Ал муунтуп өлтүрүлгөн. Таксинин айдоочусун өлтүрүүгө шектелген жаран Москва шаарынын батышында кармалган. Анын жанынан өлтүрүлгөн жарандын банктык картасы табылган”, — деп айтылат маалыматта.

whatsapp image 2022 11 22 at 10 04 10 Москвада кыргызстандык таксист киши колдуу болду

ЖМКлар маркум Кыргызстандын жараны экенин жазышууда.