Корчубек Акназаровдун 100 жылдыгына арналган форум өтөт

Бүгүн, 18-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйындар залында Социалисттик эмгектин баатыры, мамлекеттик жана коомдук ишмер Корчубек Акназаровдун 100 жылдыгына арналган «Тоо экосистемаларын туруктуу өнүктүрүү боюнча: Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо – тажрыйбалар, жетишкендиктер, келечектеги максаттар» аттуу Борбор Азия форумунун пленардык жыйыны өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара саат 10:00дө башталат. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин, чет өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышат.

Корчубек Акназаров 1922-жылы 1-августта Талас областына караштуу Бакай-Ата районунун Кызыл Октябрь айылында туулган. Эмгек жолун 1941-жылы айылдык жети жылдык мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган.

Акназаров 1943-жылы Советтик армиянын катарына чакырылып, 1-Беларусь фронтунда баскынчыларга каршы согушкан. Варшавага чейин жетип, Висла дарыясын кечип өтүү учурунда жарадар болгон. Ал I даражадагы «Ата Мекендик согуш» ордени жана бир нече медалдар менен сыйланган. 1946-жылы ал майдандан туулган жерине кайтып келип, алыскы Чаткал районундагы жети жылдык мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болгон.

1947-жылдан тартып, партиялык кызматтарда иштеп, бүт өмүрүн өз эли, өлкө үчүн талыкпай эмгектенүүгө арнады. Ал адегенде Кыргызстан Компартиясынын Чаткал райондук комитетинин парткабинетинин башчысы, пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. 1952-1956-жылдары Компартиянын Чаткал райондук комитетинин экинчи жана биринчи катчысы болуп шайланат. Андан соң бир жыл бириккен Ала-Бука райондук аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеген. 1957-1961- жылдары Кыргызстан Компартиясынын Октябрь жана Базар-Коргон райондук комитеттеринин 2-катчысы болгон.

Ал эми 1961-жылдан тартып, 1990-жылга чейин Нарын облусунун Ак-Талаа, Жумгал жана Кочкор райондорунун партиялык комитеттеринин 1-катчысы болуп үзүрлүү эмгектенди. 1965-жылы Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин Алматы Жогорку мектебин да бүтүргөн. Партиянын XXV, XXVI-сьезддеринин делегаты болгон. Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетине бир нече жолу мүчө болуп шайланган.

Ошол 30 жылга чукул мезгил ичинде анын чыныгы жаратмандыгы, эл менен иштей билген, адамдарды ынтымакка, кайратман эмгекке баштай билген уюштургуч сапаттары өзгөчө таасын көрүнгөн.

Анын жетекчилиги менен бул тоолуу райондордун мал чарбачылыгында жана талаачылыкта зор ийгиликтер жаралган. Аймактардын экономикасында, социалдык жана маданий турмушунда кескин өзгөрүүлөр, өсүштөр болгон.

Көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн Акназаров 1966-жылы Социалисттик эмгектин баатыры жогорку наамына татыктуу болгон. Ал эки Ленин, Октябрь революциясы, эки Эмгек Кызыл Туу жана «Ардак белгиси» ордендери менен сыйланган. Кыргыз ССР Жогорку Советине бир нече жолу депутат болуп шайланган. Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө жетишкенде да парламентке депутат болгон.

Көрүнүктүү советтик-партиялык, коомдук ишмер, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаров 2019-жылы 97 жашка караган курагында дүйнөдөн кайткан.