Президенттик аппараттын чыгашасы дээрлик 80%га өсөт

Ноябрь айында президенттик аппараттын чыгымдары 42 миллион 444,9 миң сом өлчөмүндө пландалууда. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Октябрда Каржы министрлиги мекеме боюнча чыгашаларды 23 млн 684,8 миң сом деңгээлинде пландаштырган. Бул ноябрь айына салыштырмалуу 79,2%га аз.

Кошумчалай кетсек, президенттик аппараттын чыгашаларынын негизги бөлүгү эмгек акы жана иш сапарларга жумшалат. Бул чыгымдар президенттик аппараттын бардык чыгымдарынын дээрлик 88%ын түзөт.