Баткен облусунун аймагында диний экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча чаралар көрүлүүдө

Учурда Баткен облусунун аймагында “Экстремист” аталыштагы алдын алуу иш-чаралары өтүп жатат. Анын жүрүшүндө Баткен ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери Баткен облусунун аймагындагы медреселерге, жогорку окуу жайларга, мектептерге барышып, экстремизм менен терроризмге каршы аракеттенүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, маалыматтарды беришти.

WhatsApp Image 2022 11 17 at 12.45.17 Баткен облусунун аймагында диний экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча чаралар көрүлүүдө


Бул иш-чаранын негизги максаты жарандарга ислам дининин баалуулуктарын сактоо, диний кастыкты козутуучу чакырыктарга бөгөт коюу, интернет айдыңындагы диний экстремизмге жана терроризмге байланыштуу туура эмес маалыматтарды жайылтууда мыйзам тарабынан коюлган жоопкерчиликтерди жеткирүү болуп саналат.

Бул багыттарда милиция кызматкерлери туура маалыматтарды жеткиришип, Интернет тармактары аркылуу ар кандай диний экстремисттик, террористтик топторго азгырылып кетпөөнү эскертишип, жаштарды туура жолго үндөп, мыйзам бардыгына бирдей экендигин, мыйзамсыз иш-аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын билдиришти.


Мындай жыйындар Баткен облусунун бардык райондорундагы, шаарларындагы ар бир медреседе, окуу жайларда жогорку деңгээлде өтүп жатат. Жыйындын жүрүшүндө студенттер, мектеп окуучулары кызыккан суроолорун беришип, жоопторун алышты.

WhatsApp Image 2022 11 17 at 12.45.18 1 Баткен облусунун аймагында диний экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча чаралар көрүлүүдө


Баткен ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери ар дайым жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, казыятын кызматкерлери менен биргеликте алдын алуу иш-чараларын тынбай жүргүзүп келишүүдө.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы