Баткен шаарынын милициясы балдардын коопсуздугу үчүн рейддерди уюштурушууда

Бул тууралуу Баткен милициясынан билдиришти

Баткен шаарында жайгашкан 9 мектепте окуган окуучулардын кылмыштуулуктан оолак болуусу, укук бузууларга жол бербөөсү, өзүн тартиптүү алып жүрүүсү үчүн балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери алдын алуу иш-чараларын өткөрдү.


Ошондой эле, “Камкордук” иш-чарасынын жүрүшүндө мектепке тартылбай калган, кароосуз калып, жеңил акча табуу максатында жүргөн балдарды аныктоо максатында текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө түнкү саат 22.00 кийин улуулардын коштоосу жок жүргөн балдарды аныктоо максатында интернет клубдар текшерүүгө алынып, Баткен шаарынын мектеп окуучуларынан 4 окуучу, Ош шаарынын 9-классынын 4 окуучусу аныкталып, алар ата-энелерине өткөрүлүп берилди.

Андан сырткары, максатсыз көчөдө жүргөн 4 бала аныкталып, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 102-беренесинин негизинде протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынды.

WhatsApp Image 2022 11 17 at 14.11.21 1 Баткен шаарынын милициясы балдардын коопсуздугу үчүн рейддерди уюштурушууда
WhatsApp Image 2022 11 17 at 14.11.22 Баткен шаарынын милициясы балдардын коопсуздугу үчүн рейддерди уюштурушууда

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы