“Сизди бышырып жегидей кекиликсизби?”. Өмүрбек Бакиров менен Камчыбек Ташиев кайым айтыша кетти

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин кыргыз-өзбек чек ара маселеси каралып жаткан жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кайым айтыша кетти.

Депутат УКМКнын башчысына бир катар суроолорду узатты.

“Маселе эртеби кечпи чечилиши керек болчу. Сол жээк каналы Өзбекстанга кандай керек болсо, Кыргызстанга дагы ошондой керек.  200 чакырым канал Кемпир-Абад аркылуу менин туулуп өскөн айылым Тоо-Моюн айылы аркылуу Бүргөндүгө чейин барышы керек болчу. Бүгүн Тоо-Моюнда суунун жоктугунан 6-7 миң гектар жер суусуз калууда. Эгер канал өтүп калганда биздин миңдеген гектар жерлер суу менен камсыз  болмок. Силер Өзбекстан тарапка эмне үчүн сол жээк каналын курбай жатасыңар? деген суроо менен кайрылдыңарбы?”, — деп сурады депутат.

Камчыбек Ташиев жооп берип жатып, бул канал Баткенге чейин жетип, миңдеген гектар жерлер сугарылмак экенине токтолду.

“Союз убагында куруу пландаштырылган. Буга чейин бир дагы өкмөт бул маселе боюнча ийгиликке жете алган эмес. Ал эми биз кандайдыр бир деңгээлде ийгиликке жеттик. Каналдын өзүн курдура алган жокпуз. Ал башка өлкөлөрдүн аймагы аркылуу өтүп жатат. Биз Өзбекстан менен бир мамлекет эмеспиз. Биз суу эмес, эки метр жер өтүп кетсе, ызы-чуу болуп жатабыз. Ошондуктан каналдын курулушу эки өлкөгө тең максатсыз болуп калды. Ушундай чечим кабыл алынды”, — деди Ташиев.

Ошондой эле, ал бул каналды куруудан баш тартууга мажбур болгонун, канал курула турган жерге азыр үйлөр курулуп калганын кошумчалды.

YouTube video