Кадамжайдын окуучулары аскер кызматчыларынын күжүрмөн даярдыгы менен таанышты

2022-жылдын 17-ноябрь күнү Кадамжай РИИБдин Ж.Садиров атындагы аймактык милиция бөлүмчөсүнүн өздүк курамы Т.Тургунов атындагы орто мектебинин окуучуларын Мекенди коргоого үндөө, патриоттук сезимдерин арттыруу максатында Кайтпас чек ара тозотуна алып барып, аскер кызматчыларынын күжүрмөн даярдыгы менен тааныштырышты.

WhatsApp Image 2022 11 17 at 14.27.50 1 Кадамжайдын окуучулары аскер кызматчыларынын күжүрмөн даярдыгы менен таанышты

Бул иш-чара Баткен облусунун аймагында өтүп жаткан “Камкордук” алдын алуу иш-чарасынын алкагында өттү.

Андан сырткары милиция кызматкерлери Миң-Чынар айылындагы билим берүү мекемесинде жаш өспүрүмдөрүн коопсуздугун камсыздоо, зордук-зомбулукту, мал уурулукту, уурулукту жана башка кылмыштардын алдын алуу максатында окуучулардын ата-энелери менен жыйын өткөрүшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

WhatsApp Image 2022 11 17 at 14.27.50 Кадамжайдын окуучулары аскер кызматчыларынын күжүрмөн даярдыгы менен таанышты

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы