
Бул тууралуу Баткен милициясынан билдиришти
Баткен шаарында жайгашкан 9 мектепте окуган окуучулардын кылмыштуулуктан оолак болуусу, укук бузууларга жол бербөөсү, өзүн тартиптүү алып жүрүүсү үчүн балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери алдын алуу иш-чараларын өткөрдү.
Ошондой эле, “Камкордук” иш-чарасынын жүрүшүндө мектепке тартылбай калган, кароосуз калып, жеңил акча табуу максатында жүргөн балдарды аныктоо максатында текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө түнкү саат 22.00 кийин улуулардын коштоосу жок жүргөн балдарды аныктоо максатында интернет клубдар текшерүүгө алынып, Баткен шаарынын мектеп окуучуларынан 4 окуучу, Ош шаарынын 9-классынын 4 окуучусу аныкталып, алар ата-энелерине өткөрүлүп берилди.
Андан сырткары, максатсыз көчөдө жүргөн 4 бала аныкталып, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 102-беренесинин негизинде протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынды.


Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы