Нурланбек Шакиев: Жумушка келбеген депутаттардын айлыгын кыскартабыз

Бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев депутаттардан тартиптин сакталышын талап кылды.

Анын айтымында, ушул жумадан тарта бардык депутаттар Эмгек кодексине ылайык сегиз саат иштөөгө милдеттүү.

«Ушул жумадан тарта тартип орнотобуз. Каттоодон өтүп, бирок жыйынга катышпаган депутаттар бар. Жумушка жүйөлүү себепсиз келбей койгон депутаттар бар. Сегиз сааттык иш тартибин Эмгек кодексине ылайык текшерип, талап кылабыз. Келбей калгандардын айлыгын кыскартабыз», – деди ал.

Нурланбек Шакиев ошондой эле, Жогорку Кеңештин башка органдардан мыйзамдын сакталышын талап кылуу жана алардын ишин көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктары жетиштүү экенин кошумчалады.