“Жогору жактагылардын кылы да кыйшайып койбойт”, – Мадумаров

Мыйзамсыз камалгандар жөнүндө маселе көтөрүлүп жатат, бирок жогору жактагылардын кылы да кыйшайып койбойт. Биздин тийиштүү комитет мыйзамдын так аткарылышын көзөмөмлгө алып, талап коймоюнча алар кенебейт. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда депутат Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“А биз өкмөт келгенде мыкты иштеп атасыңар, баракелде, ыраазыбыз деп мактап жатабыз. Аларды чакыргандан пайда жок, себеби алар келгенде Жогорку Кеңештин өңү дароо өзгөрүп кетет. Мыйзам бузууларды көзөмөлгө алчу орган жок деп жатабыз. Көзөмөлгө алчу орган бул – Жогорку Кеңеш. Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттери. Дары-дармектин кымбатташы жана башка маселелерди тийиштүү комитет парламенттик угууга алып келип, ордуна коюп койсо болот. Бирок ага күчүбүз да, эркибиз да жетпейт.

Биздин аткара турган жумуштарды башка бирөө жасап бербейт, урматтуу кесиптештер. Мыйзамды биринчи Жогорку Кеңеште кармаш керек. Эгер бул жерде мыйзамды кармабасак, башка жерден талап кылууга укугубуз жок. 

Кечээ, биздин комитеттин жыйыны өттү. Регламенттин талабына карабай, жети киши отурса, юрист 7 киши отурат, кворум бар деп чечим чыгырды. Эгерде биз өзүбүз Конститутциялык норманы бузуп жаткандан кийин, кимден талап кылабыз? Кандай укугубуз бар талап кылганга? Ал эми, бул жерде так жазылып турат, көпчүлүгү деп. 14 кишинин көпчүлүгү 8 болот. Жетиси жарымы болот”, – деди депутат.

Ал төрага Нурланбек Шакиевден кечээки өткөн комитеттин жыйынына өз позициясын билдирип коюуну өтүндү.

YouTube video