Эл өкүлү кесиптештерине генерал Курманкуловго бир күндүк айлыгын берүүнү сунуштады

Кой-Таштагы башаламандыкта жаракат алган Чүй ОИИББнын башчысы Самат Курманкуловго депутат Женишбек Токторбаев депутаттарга жардам ирээтинде бир күндүк айлык маянасын берүүнү сунуштады.


«Бир апта мурун Кой-Таш окясында жабыркаган генералыбыз Самат Курманкуловго барып кабар алып келдик. Акыбалы абдан начар экен. Жаш баладай ыйлады. «Жардам берип койгулачы? Депутаттарга айтып кол кабыш кылып, жардам бериңиздер, кыйналдым»,- дейт.

Ошого депутаттар макул болсо бир күндүк айлык маянабызды жардам ирээтинде берип койсок»,-деген сунушун айтты.

Депутат өкмөттүн өкүлү Алмас Абытовдон аталган маселеге көңүл бөлүп коюусун суранды.

Белгилей кетсек, Курманкулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурундагы операцияда башына таш тийип жабыркаган. Комага түшүп калган милиционерге Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда эки ирет операция жасалып, Москвадан да адистер чакырылган. Кийин аталган шаарга которулуп, дарылануусун уланткан.