“Түркмөнстандагыдай Конституцияны кабыл алалы”: Тазабек Икрамов бийликти сындады

Бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов өлкө бийлигин Конституцияны сактоого чакырды.

Ал укук коргоочу Азиза Абдирасулованын кармалышын айыптады.

Анын айтымында, Конституцияга каршы аракеттерге жол берилбейт. Негизги мыйзам республиканын жарандарынын өз оюн айтуу укугун кепилдейт. Тазабек Икрамов мындай 30 жылдан бери болбогонун кошумчалады.

«Конституциянын негиздерине карабай, кары-картаңдар камалып, аялдар камалып жатат. 30 жылдан бери мындай болгон эмес. Сөз эркиндигин сыйлайлы. Болбосо Түркмөнстандагыдай Конституцияны кабыл алалы», – деди эл өкүлү.

Азиза Абдирасулова белгилүү укук коргоочу. Көп жылдар бою ал мыйзамсыздыкка же куугунтукка кабылган кыргызстандыктарга жардам берип келет. 

Эске салсак, кечээ, 15-ноябрда Кемпир-Абад боюнча митинг учурунда милиция кызматкерлери Азиза Абдирасулованы кармап кетти. 

Буга чейин Абдирасулова өзү Facebook баракчасына аны Ички иштер министрлигине сүйлөшүү үчүн чакырышканын билдирген. Анын коомдук-саясий, анын ичинде Кемпир-Абаддагы социалдык тармактардагы ишмердүүлүгүнө нааразычылыктар болгон.