ЖК комитети «Кемпир-Абад» боюнча келишимди жактырды

15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо боюнча макулдашуунун долбоорун каралып, көпчүлүк добуш менен жактырылды.

Эми келишимдин долбоору Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.

Белгилей кетсек, талкуу болуп жаткан жыйындан депутаттар Адахан Мадумаров, Нуржигит Кадырбеков, Нилуфар Алимжанова жана Чыңгыз Айдарбеков жыйындан чыгып кетишти. Депутат Мадумаров мындай кадамды кворум болтурбоо аракети деп түшүндүргөн.

Натыйжада аталган комитет кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо боюнча макулдашуунун долбоорун 3 окууда бирдей жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберди.

Ал эми 14-ноябрда Өзбекстандын парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрдү. Эми мыйзам долбоору Сенатка жөнөтүлөт.

Макулдашууга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстан бирге башкарат. Ал эми суу сактагычтын алдындагы жер өзбек тарапка өтөт.

Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоорун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 31-октябрда көпчүлүк добуш менен жактырган.

“Кемпир-Абад” коомчулукта бир катар талкуулар жаралып, Кемпир-Абад суу сактагычына жакын жайгашкан Өзгөн районунда нааразылык акциялары өткөн.