Жол сакчылары жаан-чачынга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

ЖКККББ: Шашылыш билдирүү, 2022-жылдын 16-ноябрынан 17-ноябрына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 5-14 чакырымдарында (Өтмөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.


Өзүңүзгө өтө ишенүү, жол эрежелерин билбөө жана коопсуздукка көңүл бурбай коюу көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келерин унутпаңыз.


КР ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы