Жол сакчылары “Айданек” реинтеграция борборунун балдарына белектерди тапшырды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖККК башкы башкармалыгы “Айданек” жашы жете элек балдардын реинтеграция борборунун балдарына белектерди тапшырды


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери “Айданек” жашы жете элек балдардын реинтеграция борборуна барышты. Аталган борбордун балдарына белектер тапшырылып, балдарды коргоо күнү менен куттукташты.

WhatsApp Image 2022 06 02 at 07.04.07 Жол сакчылары "Айданек" реинтеграция борборунун балдарына белектерди тапшырды


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жана жетекчилиги майрам күнү борбордун балдарына тартууланган ошол кубанычтуу мүнөттөр алардын жан дүйнөсүнө жылуулук, мээримдүүлүк жана жарык маанай алып келди деп ишенишет.
Өз кезегинде «Айданек» жашы жете элек балдарды реинтеграциялоо борборунун кызматкерлери ЖКККББнын жетекчилигине дайыма жана ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

WhatsApp Image 2022 06 02 at 07.04.07 1 1 Жол сакчылары "Айданек" реинтеграция борборунун балдарына белектерди тапшырды
WhatsApp Image 2022 06 02 at 07.04.08 Жол сакчылары "Айданек" реинтеграция борборунун балдарына белектерди тапшырды

КР ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы