23-февраль: Депутат айымдар кесиптештерине эмне белек кылды?

Жогорку Кеңештин айым депутаттары мырза кесиптештерине 23-февраль мекен сакчыларынын күнүнө карата орусча классикалык китептерди белек кылды. Бул тууралуу эл өкүлү Исхак Масалиев өзүнүн социалдык баракчасына жазды.

«Кызык. Менин айым кесиптештерим бүгүн бизге китептерди тартуулашты. Федор Достоевскийдин романы мага тийди… Албетте, башкалардын кандай китептерди алганын карадым. Негедир символикалуу… Бирок, албетте кокусунан… Рахмат, биздин кымбаттуу айымдар!»,-деп жазды эл өкүлү.

Snimok ekrana 85 1 23-февраль: Депутат айымдар кесиптештерине эмне белек кылды?
whatsapp image 2023 02 22 at 141851 23-февраль: Депутат айымдар кесиптештерине эмне белек кылды?
whatsapp image 2023 02 22 at 141955 23-февраль: Депутат айымдар кесиптештерине эмне белек кылды?