Иске ууланып, эже-сиңди үч бир тууган каза болду

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мыраза-Аке айыл аймагынын Коммунист айылында бир үй-бүлө түндө уктап калышып көмүрдүн исине уланып, эже-сиңди үч бир тууган кайтыш болгон. Окуя ушул айдын башында орун алган. 

Мындай трагедиялуу окуяга биринчи болуп келиндин кайниси күбө болгон. Ал эртең менен телефон кубаттап алганы келип, түндө укташкан үй-бүлө иске ууланып калганын көргөн. Энеси ооруканага жеткирилип аман калган. Тилекке каршы, 4 жана 3 жаштагы кыздары, 6 айлык наристеси чарчап калган. 

Окуя боюнча Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү иликтөө жүргүзүп, кылмыштын курамы жок болгондуктан иш кыскарган.

OIP 95 Иске ууланып, эже-сиңди үч бир тууган каза болду