Депутат: Памирлик кыргыздарды бөлбөй, токтоосуз паспорт берилиши керек

Бүгүн, 22-февралдагы парламенттин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаевага тарыхка көз чаптырып коюуну сунуштады.

Депутат орун басар Алыбаевадан “памирлик кыргыздар деп кимдерди түшүнөсүз?”, деп сурады.

Алыбаева бизге Ооганстандан келген кыргыздар деп билем, деген жообун берди.

Депутат Коргонбай уулу, алар ошол жакта туулуп-өсүп анан Кыргызстанга келебиз деп жатышабы?, деп кайра суроо салды.

Орун басар Алыбаева: Ооба, алар Алай районуна көчүп келген кыргыздар, – деп жооп берди.

Депутат орун басардын жообуна канааттанбай тарыхка көз чаптырып коюуну сунуштады.

“Сиз улуттук деңгээлде көтөрүлүп жаткан маселени караардан мурун, тарыхка көз чаптырып койсоңуз. Памирлик кыргыздар биздин бир туугандарыбыз. Кокон хандыгында кызмат кылган, тейит уурусунан чыккан Жапаркул деген бийдин туугандары, 2 миңдей адам 1917-жылы Совет бийлигинен качып Ооганстанга ооп кетишкен. Алар сиз менен биздей эле кыргыздар”, – деди депутат.

Эл өкүлү памирлик кыргыздарды бөлбөй, токтоосуз паспорт берилиши керектигин билдирди.

Бүгүнкү парламенттин жыйынында “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу маселе каралып жаткан.