Депутат Нуржигит Кадырбеков быйыл ар бир жаранды үчтөн көчөт отургузууга чакырды

Бул тууралуу ал 22-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, былтыр президенттин жарлыгы менен республикада “Жашыл мурас” акциясы башталган. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жылына 6 миллион көчөт отургузганы боюнча маалымат берди.

“Аларды каякка отургузганын бир гана Жараткан билет. Алардын канча бак тамыр алды, канчасы куурап калганы боюнча так аналитика жок. Быйыл ар бир жаран үчтөн дарак отургузалы: бирин ата-бабаларды эскерүү үчүн, экинчиси келечек муундар үчүн, үчүнчүсү өзүбүз үчүн.

Депутат бак-дарактардын бир гана пайдасы бар экенин: мөңгүлөрдүн эришине, жер кыртышынын эрозиясына жол бербей, анын нымдуулугуна салым кошуп, абаны тазалап, отун жагып, жыгачты курулушка колдонсо, кагаз жасаса болорун эске салды.

“Суу көйгөйү бар экенине карабай Өзбекстан менен Тажикстан бош турган жерлерин гүлдүү бакчага айландыра алышты. Ал эми бизде суу боюнча маселе жок. Башка өлкөлөр биз менен азыр суу болгон үчүн гана эсептешип жатышат. Бирок мөңгүлөр эрип жатат. Бул экологиялык катастрофа.

Келгиле, Кыргызстаныбызды жашыл өлкөгө айландыралы! Бир кездеги жашыл шаар статусун жоготкон Бишкекти кайтаралы. Бул өлкө бизге керек. Президентке отчет берүү үчүн эмес, өзүбүз үчүн жасайлы”, – деди Кадырбеков.