Беларуста чыккынчылык үчүн өлүм жазасына тартуу мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды

Беларус парламентинин Өкүлдөр палатасы мамлекеттик чыккынчылык үчүн өлүм жазасына тартууну караган мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды. Документке ылайык жогорку чара аткаминерлерге жана аскер кызматкерлерине колдонулушу мүмкүн.

Долбоордо ошондой эле тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна, коомдук коопсуздукка, жол кыймылынын коопсуздугуна, калктын саламаттыгына жана мамлекетке каршы кылмыштар үчүн айыпка жыгуу каралган.

Кылмыш-жаза кодексине «Терроризмди пропагандалоо» деген жаңы беренени киргизүү сунушталган. Депутаттардын пикиринде муну менен терроримзди актаган маалыматтын тарашын алдын алса болот.

Мыйзам долбоорунда беларус армиясынын жана күч түзүмдөрүнүн аброюна көлөкө түшүргөн калп маалыматты тараткандарды жоопко тартуу каралган.

Эми документ күчүнө кириш үчүн парламенттин жогорку палатасы жактырып, президент Александр Лукашенко кол коюуга тийиш.

Беларус өлүм жазасы бар Европадагы жападан-жалгыз мамлекет. 1990-жылдардан бери 400дөн ашуун мындай өкүм ишке ашырылган.

2021-жылдын майында Лукашенко теракттарды ишке ашыруу аракети үчүн өлүм жазасын колдонууга жол ачкан мыйзамга кол койгон. Өлкөдө оппозиция өкүлдөрүн террордук ишмердик үчүн айыптоо тажрыйбасы кеңири жайылган.