Өзгөндөгү көчкү түшкөн Карл Маркс айылынын тургундарынын арыз-муңу

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов Өзгөн районундагы көчкү түшкөн Карл Маркс айылынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Карл Маркс айылынын Кызыл-Күнгөй тилкесинде жер көчкү түшүп, жергиликтүүлөргө кооптуулук жаралган. Мындан улам, алар коопсуз жерге которулуп, тигилген чатырларга жайгаштырылган.

Айыл жашоочулары 1994-жылы дагы жер көчкү коркунучу бар аймактан Кызыл-Күнгөй тилкесине келип отурукташкан. Мындан улам, башка аймакка турак-жай салып, тиричилигин улантуу маселеси тургундарды кыжаалат кылууда.

Кызыл-Күнгөй тилкесинде жер көчкү түшүү коркунучу 2017-жылдын жаз айларында активдеше баштаган. Өткөн жылы бул аймакта жашоого кооптуу делген корутунду чыгарылып, тургундарды көчүрүү керектиги сунушталган.

300323175906 338533156 168204316087438 427605294289600897 n Өзгөндөгү көчкү түшкөн Карл Маркс айылынын тургундарынын арыз-муңу
Өзгөндөгү көчкү түшкөн Карл Маркс айылынын тургундарынын арыз-муңу
Өзгөндөгү көчкү түшкөн Карл Маркс айылынын тургундарынын арыз-муңу
Өзгөндөгү көчкү түшкөн Карл Маркс айылынын тургундарынын арыз-муңу
Өзгөндөгү көчкү түшкөн Карл Маркс айылынын тургундарынын арыз-муңу
300323175913 338173161 721605009699476 1178106479231790680 n Өзгөндөгү көчкү түшкөн Карл Маркс айылынын тургундарынын арыз-муңу
Өзгөндөгү көчкү түшкөн Карл Маркс айылынын тургундарынын арыз-муңу
Өзгөндөгү көчкү түшкөн Карл Маркс айылынын тургундарынын арыз-муңу
Өзгөндөгү көчкү түшкөн Карл Маркс айылынын тургундарынын арыз-муңу
Өзгөндөгү көчкү түшкөн Карл Маркс айылынын тургундарынын арыз-муңу
Өзгөндөгү көчкү түшкөн Карл Маркс айылынын тургундарынын арыз-муңу
Өзгөндөгү көчкү түшкөн Карл Маркс айылынын тургундарынын арыз-муңу

Акимдин буйругунун негизинде Карл Маркс айылына I даражадагы табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланган. Ал эми Өзгөн району боюнча калк жашаган 118 аймакта жер көчкү түшүү кооптуулугу бар.

Эл өкүлү андан сырткары Карл Маркс айылынын тургундары менен жолугушту. Аталган айылда дагы жер көчкү кооптуулугу бар болгондуктан, жашоочуларынын көпчүлүгү көчүп кетип, ондон ашык кожолук калган.

Белгилеп кетсек, 22-март таңкы саат 05:00 чамасында жер кыртышы активдешип, болжол менен 1 миллион метр куб жер көчкү түшкөн. Аталган көчкүнүн кыймылы азыркыга чейин токтой элек.

Мындан тышкары, 28-март күнү, эл өкүлү Сокулук районуна караштуу Селекция айылынын тургундары менен жолугушту. Алар ФАПтын эскилиги жетип, жаңы имаратка жана бала-бакчага муктаж экенин айтып кайрылышкан. Жергиликтүү бийлик имарат салуу үчүн жер бөлүп берген. Бирок, бѳлүнгѳн жер тилкеси сатылып кеткендиги аныкталып, ошол себептен жаңы имарат курулбай турат.

Өз кезегинде депутат Айбек Маткеримов жогоруда айтылган көйгөйлөрдү чечүүдө көмөк көрсөтүлөрүн белгиледи.