Баткенде сел суулары Сай жээктерин бузуп кеткен

Баткенде сел суулары механикалык тазалоо жумуштары жүргүзүлгөн Сай жээктерин бузуп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады

30-март күнү Баткен районунун Самаркандек айылында кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандан улам саат 16:00 чамасында сел суулары келип, механикалык тазалоо жумуштары бүткөрүлгөн сай жээктеринин айрым жерлерин бузуп кеткен.

Мындан сырткары, Жайылма участкасында сел коркунучунан коргоо үчүн габион торчолорун орнотууга алып келинген таштарды агызып кеткен.