Роза Отунбаева Башкы прокуратурага баарлашууга чакырылды

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Башкы прокуратурада баарлашууга чакырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өз булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Андагы маалыматтар боюнча, Роза Отунбаева көзөмөл органына 2-июнда келиши керек. Ал 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында чакыртылган.

Ал эми Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бул тууралуу маалымат азырынча жок экенидигин белгилеп, тактаган соң кененирээк маалымат бериле турганын билдиришти.