«Сорос-Кыргызстан» фондунун жетекчиси УКМКга суракка чакырылышы боюнча түшүндүрмө берди

«Сорос-Кыргызстан» фондунун жетекчиси Шамил Ибрагимовдун УКМКга суракка чакырылышы боюнча түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, Ибрагимов «Сорос-Кыргызстан» фондунун имаратына байланыштуу УКМКга чакырылган.

«Интернетте фондду каралаган анонимдүү видеолор пайда болууда. Биздин фонд жайгашкан имарат боюнча маалыматтык жолугушуу болду. Кошумча маалыматтарды билгилери келиптир. Мен тийиштүү маалыматты айттым. Башка маселе жок деп ойлоп турам. Имарат кантип алынган деген сыяктуу суроолор берилди. Ушул 23 жыл аралыгында эч кандай даттануу болгон эмес жана имаратты сатып алуу боюнча бүтүм мыйзамдуу болгон. Эмнеге азыр суроо болуп жатат, түшүнүксүз»,-деди ал.

Кошумчалай кетсек, «Сорос Кыргызстан» фонду Кыргызстанда 1993-жылдан бери иш алып барат. Фонд жети тематикалык тармакта гранттарды берет. Алар — коомдук саламаттыкты сактоо, билим берүү, укук, жарандык катышуу, массалык маалымат каражаттарын өнүктүрүү сыяктуу багыттар.