Ошто журналист Бакыт Кулчумановго кол көтөрүү боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат

Ош облусунун Кара-Суу районунда журналист Бакыт Кулчумановго кол көтөрүү боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, журналист 30-май күнү милицияга арыз менен кайрылган. Арызда Кара-Суу шаарынын Культурная көчөсүндө жайгашкан “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын алдына “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын жетекчисинен жер боюнча интервью алуу үчүн келген учурда “Улукбек” аттуу жаран эч бир себепсиз оозго алгыс жаман сөздөр менен тилдеп, кол көтөргөнү жазылган.

«Аталган арыз боюнча териштирүү иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө арыз ээси Б.Кнын арызында көсөтүлгөн дооматтары боюнча ал менен урушкан Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл аймагынын Жылкелди айылынын жашоочусу 1974-жылы туулган М. А (Улук) экендиги такталды. Териштирүү иштери жүрүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.