Өзбекстандан Кыргызстанга өтчү жерлердин тизмеси

Бүгүн, 15-ноябрда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун кароодо.

Жыйында Жер ресурстары боюнча агенттиктин директору Абдулат Мырзаев келишим боюнча Кыргызстанга өтүп жаткан жерлер тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, Кыргызстан Өзбекстандан Гавасай тилкесинен 12 миң 849 гектар, Көк-Серектен – 105, Баястан тилкесинен – 212, Үңкүр-Тоодон – 31, Ак-Таш тилкесинин – 100, Кара-Белестен – 25, Өзгөн жана Сузак райондору үчүн 1 миң гектар, Кемпир-Абад суу сактагычынын көлөмүн 908 горизонталдан 900гө чейин түшүрүүдөн 1 миң 246 гектар, жалпысынан 15 миң 572 гектар жер алууга жетишти.

 Өзбекстандан Кыргызстанга өтчү жерлердин тизмеси