Руслан Бекназаров кызматын тапшырды

Свердлов районунун акиминин биринчи орун басары Руслан Бекназаров кызматын тапшырды. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдириди.

Анын айтымында, ал кызматын өз арызы менен тапшырып жатат.

Белгилей кетсек, Бекназаров кызматына өткөн аптанын аягында эле кайрадан кирише баштаган. Анын төрагалыгы алдында кирешелер боюнча штабдын кезектеги жыйыны өтүп, анда 2022-жылдын январь-октябрь айларындагы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана 2022-жылдын ноябрына күтүлүп жаткан кирешелер боюнча маселелер каралган.

Эске салсак, саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров 2-ноябрда үй камагына чыгарылган. Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин «Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» беренеси боюнча айыпталууда.