“Манас” аэропортуна бара жаткан жолдо кырсык болду

Чүй облусунда “Манас” аэропортуна бара жаткан жолдо кырсык орун алып, унаанын айдоочусу аман калган.

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, күн мурун, 13-ноябрда саат 08:00дө Honda Fit унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, жолду экиге бөлүп турган тосмону сүзгөн.

Унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү ар кандай жарааттар менен ооруканага жеткирилген.